Жаңылыктар
Аймактардагы тигүү ишканалары жумушчу күчүнө муктаж
Кыргызстан жаңылыктары
Аймактардагы тигүү ишканалары жумушчу күчүнө муктаж

Элет жеринде жумушсуздук маселеси курч турат делгени менен, аймактардагы тигүү цехтеринде адистешкен кызматкерлер жетишсиз. Өз кезегинде тигүү цехтери тикмечилерди, технологдорду, бычмачыларды даярдап, жумушка тартууда. Талас облусу боюнча учурда 50дөн ашык иш ордун ачкан 3 тигүү ишканасы бар. 

Кайыргүл Борукеева Таласта жеке тигүү ишканасын түптөгөнүнө 5 жыл болду. Алгач өзү дагы башкалардын кол алдында тикмечилик менен алектенип жүргөн. Кийин бул тармакты өздөштүрүп, өз алдынча ишкердикке белсенген. Мындан улам жумушчуларга түзүлгөн шарт ийгиликтин башаты экенин жакшы түшүнөт.

Көбүнэсе цехтерде иш ыргагы ургаалдуу болгондуктан тикмечилер чыдабай кача баштайт дейт Кайыргүл. Анан тынбай эле жумушчу күч издөө менен алек болууга туура келээрин айтат. Мындагы иш убактысы болсо эртең мененки саат тогузда башталып, кечки алтыда аяктайт. Ошондой эле тикмечилердин резервин тынымсыз даярдоону да жолго коюп койгон. Тигүүчүлөр арасында ишке, жамаатка болгон жоопкерчилик боюнча да түшүндүрүү жүрүп турат. Окутуулар уюштурулуп, мол тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берилет.