Жаңылыктар
Нарында алты бала бакча курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында алты бала бакча курулууда

1-сентябрда Нарын облусунда 75 жана 100 орундуу эки бала бакча колдонууга берилет. Учурда алардын биринин курулушу 99 пайызга, экинчиси 90 пайызга бүткөрүлдү. Мындан тышкары, ушул жылы пайдубалы түптөлгөн үч бала бакчада толук оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Жалпы Теңир-Тоо жергесинде 6 бала-бакча курулууда.

Нарын районуна караштуу Эмгек-Талаа айылына салынып жаткан бала бакчанын имаратынын пайдубалы 2015-жылы түптөлүп, биринчи кабатынын дубалы көтөрүлгөндөн кийин, каражаттын жоктугунан жумуш токтогон. Былтыр май айында иш кайрадан жанданып, азыр анын курулушу 99 пайызга бүткөрүлдү. 75 балага ылайыкталган эки кабаттуу бала-бакча заманбап шарты менен салынды.

Буга чейин айылда бала-бакчанын имараты жок болгондуктан, балдар авариялык абалдагы эски мектептин корпусуна, кийин ижарага берилген жеке менчик үйгө барышчу. Эми ал муктаждык чечилип, бир айдын тегерегинде социалдык объект эксплуатацияга берилет. Учурда айланасын жашылдандыруу, балдар ойной турчу аянтчаларды орнотуу жумуштары гана калды.