Жаңылыктар
Түп-Кеген жолу оңдолууда
Кыргызстан жаңылыктары
Түп-Кеген жолу оңдолууда

Жумуштар 2008-жылы башталып, 39 чакырымга чейин жасалган соң, токтоп калган. Эми калган 37 чакырым жана ага кошумча, Сары-Жазга чейинки 13 км салынууда. Ишти эки жылда бүткөрүү пландалган.

Эл аралык маанидеги Түп-Кеген жолу Каркыра жайлоосуна кетип, Ысык-Көл облусунун түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Жолдун капиталдык оңдоо иштери 2008-жылы башталып, Сары-Тологой айылына чейин жасалып, калган чакырымдары каражат жок токтоп калган. Эми 39-чакырымдан Кегенге чейин жол жасоо иштери башталды. 

Быйыл топурак жумуштары, каттамдарды кеңейтүү, тегиздөө, таптоо, түтүкчөлөрдү жайгаштыруу иштери жүрөт. Түп-Кеген жолуна кошумча туристтик аймак катары иштеп келген, Сары-Жазга чейинки 13 чакырым жол да жасалат.