Жаңылыктар
Аптаптуу ысыкта абайлаңыз!
Кыргызстан жаңылыктары
Аптаптуу ысыкта абайлаңыз!

Ушул күндөрү сууну көбүрөөк ичип, баш кийимчен жүрүңүз! Бул тууралуу адистер эскертет. Аптаптуу ысык 14-июлга чейин сакталаарын маалымдашууда. Айрым аймактарда абанын температурасы 36-41 градуска чейин нөлдөн жогору болушу мүмкүн. 

Күн катуу ысып кеткенде сөзсүз баш кийим кийип жүрүү керек. Мындан тышкары, абанын температурасы жогорулаганда ар бир адам тамактануусуна өзгөчө көңүл бурушу шарт. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо институтунун илимий катчысы эскерти.

Адистер кары-жаш дебей сыртка чыкканда сөзсүз колдо идишке куюлган суу болуш керек экендигин эскертип, майлуу тамакты азайтып, жашыдча-жемиштерди көбүрөөк пайдаланууну сунушташат. Ал эми өтө муздак, газдалган суусундуктарды ичүү ден соолукка зыян.