Жаңылыктар
Жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодесине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (7 июля 2023 года № 133).

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 25-майында кабыл алынган.

Мыйзам жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана аларга курулуш курууга жол бербөө максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодесине жазапулдун өлчөмүн көбөйтүү, эркиндигинен ажыратуу жана белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза дайындоо жолу менен жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруунун жагдайларын караган укук бузуулар жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жаңы 2121 (Айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөө) жана 2122 (Жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн атайылап жараксыз абалга алып келүү) беренелери менен толукталат.

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:

– жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен ээлеп алуу, кеңейтүү фактыларынын алдын алуу, тыюу салуу, ошондой эле жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну контролдоо;

– азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарба багытындагы жерлерди жакшыртуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар комплексин иштеп чыгууну жана көрүүнү тапшыруу каралган.