Жаңылыктар
Кыргыз темир жолу жаңы класстагы вагонду сыноодон өткөрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз темир жолу жаңы класстагы вагонду сыноодон өткөрүүдө

«Кыргыз темир жолунун» комиссиясы жаңы модернизацияланган классындагы вагонду сыноодон өткөрүүдө. Бул вагон бардык коопсуздук талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан, чоң радиустуу панорамалык терезелерди орнотууга мүмкүн болгудай кузовдун бөлүгү бекемделген. 

Вагондун улуттук стилде жасалган ички жасалгасы маанилүү элемент болуп саналат, андыктан дубалда кыргыз элинин байыркы оюмдары түшүрүлгөн этникалык стилдеги панно жайгашкан. Вагондо кыргыз оюулар менен кооздолгон жумшак дивандар, жаздыктар жана пардалар бар. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн ВИП классындагы вагондо кыш-жай кондиционер тутуму, стерео система, телевизор жана wi-fi орнотулган. Мындан тышкары суусундуктарды сатып алуу үчүн муздаткыч бар. Көлөмдүү панорамалык терезелер жүргүнчүлөргө Чүй жана Ысык-Көл облустарынын кооз жерлерин сүрөткө жана видеого тартууга мүмкүндүк берет.

Монтаждоо жана жасалгалоо иштери эң жогорку сапаттагы материалдарды колдонуу менен үзгүлтүксүз жүргүзүлдү. Вагон толугу менен демонтаждалып, андан кийин капиталдык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, электр тутумдары толук монтаждалган, вагондун кузову бекемделген, жаңы тормоздук жабдуулар, сокку тартуучу түзүлүштөр жана чоң панорамалык терезелер орнотулган. Бардык иштер тиешелүү кызматтардын Көзөмөлү астында Нускамаларга жана жоболорго так ылайык жүргүзүлдү. ВИП классындагы вагон Бишкек-2 - Балыкчы - Бишкек - 2 багытындагы поезддин курамына киргизилет жана жакынкы дем алыш күндөрү каттамга чыгат.