Жаңылыктар
Азия чемпионаты (U-15): кыздар арасындагы күрөш боюнча спортчулар 5 медаль жеңди
Спорт
Азия чемпионаты (U-15): кыздар арасындагы күрөш боюнча спортчулар 5 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын кыздар арасындагы күрөш (U-15) боюнча курама команда Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Азия чемпионатында 5 медаль (2 күмүш, 3 коло) жеңди.

36 кг чейинки салмак категориясында катышкан Айдеми Асангазиева, 62 кг чейинки салмакта Аяна Асамаликова күмүш медалга ээ болушту.

33 кг чейинки салмакта Асема Амангариева, 42 кг чейинки салмак категориясында Аяна Асылбекова жана 50 кг чейинки салмакта Асема Төрөгелдиева коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучу Нурсултан Аскарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты. Командалык эсеп боюнча кыргызстандык спортчулар 3-орунду ээледи.