Жаңылыктар
Москва: кырсык иликтенүүдө
Кырсык
Москва: кырсык иликтенүүдө

Адам өмүрүн алган өрт кырсыгы-бул кайгы. Буга жол берилбеши керек эле,- деген Москва шаарынын мэри Сергей Собянин өрттүн чыгуу кесепеттерин тыкыр иликтеп чыгууну тийиштүү мекемелерге тапшырды. Орусиялык укук коргоо кызматкерлери бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Күбөлөрдүн берген маалыматы боюнча, өрт бир нече жерден тутанган. 

Кырсык орун алган жерде учурда Сокольниктин укук коргоо кызматкерлери менен Москванын Түштүк административдик аймактык тергөө башкармалыгынын кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Окуяны иликтөөнү Москва шаарынын прокурору Владимир Чуриков жеке көзөмөлүнө ала тургандыгын маалымдады.