Жаңылыктар
Тарыхта күчтүү саясатчы катары калган Индира Ганди кыргыздын саясий элитасына үлгү боло алат
Дүйнө
Тарыхта күчтүү саясатчы катары калган Индира Ганди кыргыздын саясий элитасына үлгү боло алат

Индира Ганди 1917-жылы, 19-ноябрда Индиянын Аллахабад шаарында туулган. Индира   хинди тилинен  “Айлуу өлкө” –деп которулат. Анын   ысымы Индиянын урматына коюлган. Индиранын үй-бүлөсү Индиянын эгемендүүлүгү  үчүн  күрөшкөн. Булардын теги жогорку каста  кашмирлик брахмандардан. Чоң атасы Мотилал Неру Индиянын Улуттук Конгрессин түптөгөндөрдүн бири. Чоң энеси Сваруп Рани Неру жана апасы  Камаланы   англиялык бийлик бир нече   ирет түрмөгө камаган. Атасы Жавахарлал Неру 1947-жылдагы Индия көз карансыздык  алгандан кийин, өлкөнүн биринчи-премьер-министри болгон.

Ошол эле убакта Жавахарлал дүйнөлүк  масштабдагы саясатчы  катары таанылган. Индира  бала  чагынан баштап нараазычылык, каршылык акцияларына аралашып  чоңойгон. 1934-жылы ал элдик  университетке тапшырган.

Бул окуу жайды белгилүү  индиялык акын-жазуучу  Рабиндранат Тагор негиздеген университет эле. Тилекке каршы, апасы  Камала кургак учук менен ооругандыгына байланыштуу, Индира  окуусун таштап,энесин коштоп Швейцарияга даарыланууга кетет. Апасы Камала  1936-жылы каза болгондон кийин, Индира  Европада жалгыз калат. Анткени Индияда аны күтүп алчу эч ким жок эле. Атасы Жавахарлал түрмөдө отурган.Чоң ата менен энесинин  да көзү өтүп кеткен.

Жавахарлал Неру бийликке келгенде, Индиядан Пакистан  менен азыркы Бангладеш  бөлүнөт. Бирок мындай бөлүнүү улуттар менен диний араздашууну   пайда кылып, натыйжада эбегейсиз  кан төгүлгөн.  Жогоруда сөз болгон   абалга байланыштуу Индира Фероздун каршылыгына карабай, атасы премьер-министр Нерунун жеке катчысы болуп иштей  баштады. Ошол эле убактан анын жакын кеңешчисине айланды. Англия  эгемендүү  өлкөгө ачка жана караңгы Индияны таштап кетти. Ушул себептерден улам мамлекетте күн-сайын диний көз-караштардын  келишпестиктен айынан кагылышуулар күчөдү.

Индира коркпостон кагылышуу болгон жерлерге барып, элди ынтымакка чакырып жана мамлекетте тынчтыкты орнотконго  ат көтөргүс салымын кошту. Жавахарлал  Индия эч бир аскер өнөктүштүккө кошулбайт деген принципти карманган. Ал атасын чет жердеги баардык расмий иш-сапарларында коштоп жүрдү.

1966-жылы, Шастри  Ташкенде  Пакистандын премьер-министри Аюб-хан менен жолугушуу  учурунда  каза  болгонуна байланыштуу, Индира 48 жашында  премьер-министр кызматына келет. Индира дүйнө  жүзүндө Шри-Ланканын премьер-министри Сирима́во Бандарана́икадан кийин ушул кызматта иштеген  экинчи аял  болду.  Ошол эле учурда  кызматка келүүдө ага күчтүү атаандаштар туш келет.

1969-1970-жылдары  анын өкмөтү  өлкөдөгү 14 ири банктарды мамлекеттештиргенден кийин аны атаандаштары партиядан  сүрүп  чыгарууга аракет кылат. Бирок душмандырынын  оюу  ишке ашкан жок. Индира атасынын саясатын улантып, эч бир аскердик өнөктөштүккө кошулбай, тынчтык жана эл аралык кызматтушуга умтулган. Өлкөнү  экономикалык пландоо менен өнүктүүрүнү  көздөгөн.

1971-жылы Индия менен Пакистандын ортосунда согуш чыгат. Жыйынтыгында Бангладеш  мамлекети пайда болот. Себеби Индия коңшу өлкөнү алсыраткысы келген. Ошондуктан  советтик дипломаттар  мадам  Индира Гандини  юбкадан кармоо зарыл деп тамашалашчу  –деп СССРдин тышкы чалгын кызматынын жетекчиси  генерал-лейтенант  Леонид Шебаршин “Москванын колу “деген  эскерүүсүндө баса белгилеген.

1977-жылы Индира  кезектеги шайлоодо жеңилет. Аны жана үй-бүлөсүн 2 ирет камакка алып, коррупцияга айыпташат. 1978-жылы ал жаңы партия түзүп, шайлоого катышат. Жеңишке жетишкен соң ал парламентке кайра кайтат.

1980-жылы премьер-министрлик кызматын экинчи жолу ээлейт. Индира  элдин сүймөнчүгү болгондуктан, Индиянын энеси–деп аташкан. Бул кызматта иштеп жүргөндө Индира кичүү уулу мураскору Санжайдан айрылат. Анын үстүнө  өлкөдө диний жана улуттук араздашуулар токтогон эмес. Өзгөчө Пенжаб штатында. Себеби  бул чөлкөмдө  сепаратистер  көз карандысыз  мамлекет курганга умтулган. Сепаратисттерди Пакистан тымызын колдоп турган.

1984-жылдын май айында куралчан сепаратисттер Амритсардагы Алтын Үй деп аталган  сикхтердин ыйык имаратын басып алышат. Ошол эле маалда жогоруда айтылган имараттын ичинде  көп зыяратчылар болгон. Мындай оор кырдалдан чыгыш үчүн, Индира  "Көк жылдыз" аттуу аскердик операциясын   баштаганга буйрук берген. Нью-Делинин  жоокерлери Алтын Үйдү бошоткону менен, 400 дөн ашык киши каза табат. Сикхтер Индирадан  өч алууну көздөшөт. Себеби сикхтердин  көбү Индия армиясынын катарында  кызмат кылышкан. Жогоруда айтылган “Көк  жылдыз” операциясынан  кийин сикхтер армиядан кача баштаган. Дал ушул себептен өлкөнүн коопсуздук түзүмдөрү аны сизден өч алат, ошондуктан сикхтерден турган  жан –сакчыларды кызматтан четтиңиз  -деп бир нече ирет эскертишкен.

 Буга карабай Индира  сикх жан –сакчыларына  ишенген. 1984-жылдын, 31-октябрь күнү ал белгилүү жазуучу Питер устиновко теле - интервью бермек. Индира Гандинин эки жан сакчысы сикхтер  Беант Сингх жана Сатвант Сингх, резиденциядан башкеңсеге  чейинки жолду кайтарып турушмак.

Башка жан сакчыларынын коштоосунда ал башкеңсени  көздөй басып, жан сакчылар менен жылмайып саламдашкан. Ошол учурда тапанчасын сууруп чыккан Беант Сингх ага карай 3 ирет ок чыгарып, ага удаа эле, Сатвант Сингх автомат менен премьер-министрдин денесин окко тепчип салган. Индира Ганди ошол замат эле жан берген.

Индира Ганди тарыхта  Индияны эң узак башкарган жетекчи катары гана эмес, өзгөчө акылдуу, тайманбас саясатчы катары  калды. Индира Ганди өлөр алдында  «Бул өмүрдө  мага берилген күндөрдө, мен  элим үчүн   кызмат кылам.Мен өлгөн күндө да, менин ар бир тамчы каным менен Индия  азыктанат. Андан беш бетер аны күчтөндүрөт-деп ишенем” деп   айткан сөздөрү элинин эсинде түбөлүк калды. Кыргыз саясий элитасы Индира Гандиден үлгү алыш керек деген пикирлер илгертен айтылып келет.

Талдоо маалыматын даярдаган  Алмаз Батилов

Тааныштырган Рахматулла Кудайбердиев  Биринчи радио



.