Жаңылыктар
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберленге Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберленге Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберленди анын өлкөдөгү миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туруктуу өнүгүү, каржы, инвестиция, экология жана «жашыл» экономика чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы миссиясына өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жемиштүү кызматташуусу жана эффективдүү жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын Туруктуу өкүлү Кыргыз Республикасындагы олуттуу өзгөрүүлөргө күбө болгонун жана  Соvid-19 пандемиясынын таралышынын туу чокусунда «жанында болгондугун» белгиледи. БУУнун Өнүктүрүү программасынын миссиясы анын катуу жетекчилиги астында өлкөдө коронавирус менен күрөшүүдө баа жеткис жардам көрсөттү.

«Келечектеги ишмердүүлүгүңүз кайсыл жерде болбосун, биз сизди кыргыз жергесинде жакшы дос катары кубанычтуу тосуп алууга ар дайым даярбыз», - деген Акылбек Жапаров, БУУнун Өнүктүрүү программасынын өлкөдө ишке ашырылып жаткан бардык долбоорлоруна мындан ары дагы колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Луиза Чемберлен Министрлер Кабинетинин Төрагасына БУУнун Өнүктүрүү программаларын ишке ашырууда туруктуу жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын миссиясы долбоорлордун үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылып, туруктуу өнүктүрүүгө багытталган программаларды ишке ашыруу боюнча ишин уланта турганын белгиледи.

Мындан тышкары, Луиза Чемберлен Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын өзгөчө көңүл бурулуп жаткан багыттарына токтолду, атап айтканда, өнүктүрүүнү каржылоо стратегиясын жана Баткен облусун өнүктүрүү программасын белгиледи.

Ал белгилегендей, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоо боюнча билдирүүсүнө ылайык, БУУнун Өнүктүрүү программасынын  климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө ири инвестициялар үчүн жеке каржылоону мобилизациялоого көмөктөшүүгө даяр, мында өнүгүүнүн негизги көрсөткүчү өлкөдө жакырчылыкты кыскартуу болот.

Министрлер Кабинетинин Башчысы акыркы жылдары мамлекеттик саясаттын багыты адамдык капиталды өнүктүрүүгө, өзгөчө калктын аялуу катмарын коргоого бурулуп жатканын белгиледи.

«Биз жакырчылыктын чегинен төмөн турган адамдарды колдоого багытталган бир катар долбоорлорду ишке киргиздик жана БУУнун Башкы катчысынын демилгесин толугу менен колдойбуз. Үстүбүздөгү жылдын башында өнөктөш өлкөлөр жана эл аралык уюмдар Кыргызстандын тышкы карызын дүйнөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу үчүн «жашыл» долбоорлорго алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталган. Климаттын өзгөрүшүнө каршы натыйжалуу күрөшүү жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү үчүн бизге «жашыл» экономикага көбүрөөк инвестиция керек», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасы менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле  Соvid-19 инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Акылбек Жапаров Луиз Чемберленге  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.