Жаңылыктар
Садыр Жапаров Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчисин  кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини кабыл алды. Эки тараптуу кызматташтыктын өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай чөйрөлөрдөгү актуалдуу масласелери тууралуу пикир алмашуу болду.
Мамлекет чысы Кыргыбашз Республикисы Сауд Араб Падышалыгы менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана андан ары өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгиледи.
Президент мындан ары эки тараптуу өз ара аракеттенүү жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн колдо болгон чоң потенциалга өзгөчө басым жасады.
Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда Сауд Араб Падышалыгынын колдоосун ожогору баалады.

Мамлекет чысы туризм тарбашагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, тактап айтканда жакынкы арада эки өлкө ортосунда түз үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачууну канааттануу менен белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Ибрахим бин Ради Аль-Ради Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдул Азиз Аль Сауддун жиберген жылуу саламын айтты.

Ал Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын өз ара аракеттенүүсү эки өлкөнүн лидерлеринин саясий ишениминин жана бекем саясий эркинин аркасындашен ишенимдүү өнөктөштүк жана достук духунда уланып жатканын белгиледи.

Элчи Садыр Жапаровго 19-июлда Жидда шаарында өтө турган Булуңдагы арабские мамлекеттери жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтык Кеңешинин Саммитине катышуу үчүн Сауд Арабиянын Падышасынын атынан чакыруу катын та пшырды.

Жыйынтыгында тараптар көп пландуу кызматташтыкты бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.