Мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов Жогорку Кеңеш жана Министрлер кабинетинин маселеси, Европарламенттин резолюциясы тууралуу Кабар агенттигине маек берди.
Жогорку Кеңеш менен учурдагы Министрлер кабинетинин өз ара аракеттенүүсү, эл өкүлдөрү менен МинКаб мүчөлөрүнүн ортосунда айрым учурда орун алган пикир келишпестиктер жалпы коомчулуктун көңүлүн ар дайым өзүнө буруп келет. Кээде мындай көрүнүштөр күтүлбөгөн кадамдарга барууга жем таштайт. Дегеле учурда Жогорку Кеңештин, депутаттардын коомдогу ролу кандай деген суроо жаралбай койбойт. Бул боюнча Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун пикирин уктук. Мамлекеттик катчы ошондой эле Европа парламентинин шашылыш түрдө кабыл алган резолюциясына карата көз карашын билдирди.
— Жогорку Кеңеш менен Министрлер кабинетинин өз ара аракеттенүүсү коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп келген учурлар жетиштүү. Акыркы эле мисал, парламентте Минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен бир катар эл өкүлдөрүнүн кайым айтышуусу кызуу талкуу жаратты. Сурайын дегеним, учурда Жогорку Кеңештин ролу кандай? Депутаттар мамлекет башчысына Эдил Байсаловду ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунушун жөнөтүшкөн, президент кандай чечим кабыл алат деп ойлойсуз?
— Коомчулукта “Министрлер Кабинети парламентти тоготпойт” деген пикирди кармангандар да жетиштүү, бул социалдык тармактагы комментарийлерден байкалууда. Ушул маселеге сиздин көз караш кандай?
Депутаттар менен Эдил Байсаловдун кайым айтышын көрдүм. Мен 30 жыл үзгүлтүксүз Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген адам катары калыс пикиримди айтканга аракет кылайын. Анткени 30 жыл ичинде түркүн башкаруудагы Парламент менен иштешип калбадымбы. Акыркы 10 жылдагы эле парламентти алалы. 2010-жылдан 2020-жылга чейин парламенттик башкаруу болду. Өкмөттүн курамын өздөрү тандашчу. Премьер-министрден баштап, баардык министрлерди депутаттар кызматка коюп келишти. Облус, район, айыл өкмөттөргө чейин депутаттар койгон учурлар болду. Ошентип он жыл парламент депутаттары өлкөгө кожоюндук кылып келишти. 2020-жылы башкаруу сиситемасы түп тамырынан бери алмашып, өлкөгө президенттик башкаруу орноду. Депутаттар мыйзам чыгарып, алардын аткарылышын гана көзөмөлдөгөн органга айланды. Бирок депутаттар мурдакы көнүп калган адаттарынан кете албай жатышат. Чарба иштерине чейин аралашып кеткен учурларды көрүп жатабыз. Бул жерден "Өкмөттүн чарбалык иштерине аралашпагыла",- деп Эдил Байсалов туура айтты. Анткени чарбалык иштерди өкмөт аткарыш керек. Жылына бир жолу келип Жогорку Кеңешке отчет берип турушат.
Ал эми Эдил Байсаловду кызматтан кетсин деп кабыл алынган токтом боюнча президент өзү чечет. Кетирсе да өзү билет, кетирбесе да өзү билет. Азыр башкаруу системасы башка. Мурдакыдай парламенттик башкаруу болгондо Эдил Байсалов дароо отставкага кетмек. Азыр президенттик башкаруу. Депутаттар мурдакы заманды унутуш керек. Баары дегенден алысмын, айрым депутаттар жеке иштери менен эле министрлерди чакыра беришет. Кадр коюп берүү же жеке иштерин чечип берүүсүн талап кылышат. Ошентип министрлердин көп убактыларын алып коюп атышат. Министрлерди жылдык отчётто гана чакырышса туура болот.
Бир сөз менен кошумчалай кетсем.
Чынын айтсам 2020-жылдан кийинки президенттик башкаруу башталгандан баштап өлкөдө бир топ тармакта алдыга жылыштар башталды. Мен муну парламенттин казанында кайнап жүргөн адам катары айта алам. Ар бир нерсеге майдалап токтолбой эле коеюн, кыргыздын макалы менен айтканда 10 жыл парламенттик башкаруу системасында "көп суур ийин казбайт" дегендей эле болду. Бир эле фракциянын кызыкчылыгы камтылбай калса өкмөттүк иштер жылдап токтоп турган учурлар болду. Кээ бир учурларда фракцияларды бияка эле коелу, бир эле депутаттын жеке кызыкчылыгы камтылбай калса ал депутат кыйкырып чыгып, мамлекеттик орчундуу иштер жылдап токтоп калчу. Өлкөбүз ушундай учурларды башынан өткөрдү.
— Жакында эле Европа парламенти Кыргызстан боюнча резолюция кабыл алып, анда өлкөбүздө адам укуктары, сөз эркиндиги боюнча абал начарлап кеткени белгиленди. Ушул боюнча сиздин пикирди билелик дедик эле? Деги эле Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунучта деп тынчсызданууга негиз барбы?
Кыргыз деген улут өзгөчө улут экенин Европалыктар дагы деле жакшы биле элек экен. Кыргыздар миңдеген жылдардан бери адам укугу, сөз эркиндиги дегенди эң бийик орунга коюп келген жана мындан ары дагы кое берет. Кыргызстанда адам укугу, сөз эркиндиги чектелди деген күндүн эртеси төңкөрүш болот. Муну октон, оттон коркпогон кыргыз эли үч жолу далилдеди. Кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл. Ошондуктан тынсызданууга эч кандай негиз жок. "Кыргызстанда адам укугу, сөз эркиндиги чектелди",- деп Европарламентке алып чыккандардын артында саясий кызыкчылыгы бар адамдар турушат. Азыр көчөгө чыксаң, соц түйүндөрдү карасаң элдин баары эркин сүйлөп атканын көрүүгө болот. Айрымдары президентти ашатып сөгүп атканын көрөсүң. Ушунун өзү эле сөз эркиндиги эмей эмне? Башка эч бир өлкөдө социалдык тармактар аркылуу президентин сөккөнүн көргөн жокмун.
— Европа парламентинин резолюциясында "Кемпир абад иши боюнча" кармалгандарга тагылган бардык айыптарды алып салуу да чакырыгы бар. Буга сиздин комментарий кандай болот?
Европаламенттин биздин өлкөнүн ички иштерине кийлигишкенге таптакыр акысы жок. Мен көрдүм. Германиянын депутаттары өтө активдүүлүгүн көргөзүп атышты. Андай болсо Германияда деле 20дан ашык адамды төңкөрүш уюштурушмак экен деп бир заматта камап салышты го. Эмнеге аларды айтышпайт? Же Геманияга камаса боло берет, Кыргызстан камаса болбойбу? Экөө бирдей эле иш. Эч айырмасы жок. Бул деген сөз Германия тынч болуш керек, Кыргызстанда тополоң болуп туруш керек деген Европарламенттин арам ой саясаты деп түшүнсөк болот.
Кемпир-Абад туура эмес чечилип жаткан болсо элдин баары жапырт көчөгө чыкмак. Туура чечилип жатканын көргөн көпчүлүк эл колдоп турушту. Албетте ушул учурду пайдаланып кетели деген күчтөр аракет кылышты. Бирок эл колдобой койду. Өздөрү камалып кетишти. Эми соттун чечимин күтүшүбүз керек. Балким акталып кетишет, ким билет?