Жаңылыктар
Калыс-Ордодо бала бакча салынууда
Кыргызстан жаңылыктары
Калыс-Ордодо бала бакча салынууда

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда бала бакчанын пайдубалына капсула салынды. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аянты - 1 390 чарчы метр.

Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн-зоок, буфет, ашкана, жуунуучу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан. Учурда жер казуу иштери аткарылып, траншеяларды кум-шагыл менен толтуруу иштери бүткөрүлүп, пайдубалдын бетонун куюга арматураларды орнотуу иштери жүрүп жатат.