Жаңылыктар
Оштогу медициналык кызмат көрсөткөн жайлардын абалы
Кыргызстан жаңылыктары
Оштогу медициналык кызмат көрсөткөн жайлардын абалы

Ошто медициналык кызмат көрсөткөн 19 жеке менчик мекеме жабылып, 8 ишкананын иши укук коргоо органдарына кароого жөнөтүлгөн, буга алардын санитардык-гигиеналык ченемдерин сактабагандыгы себеп болгон. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясында өткөн жыйында айтылды. Жыйындын жүрүшүндө жеке менчик ишканалар, анын ичинде сулуулук салондор, тиш дарылоочу кабинеттер, медициналык борборлор, хижама бөлмөлөрү жана ушул сыяктуу кан менен байланышуу аркылуу кызмат көрсөткөн ишканалар тарабынан калкка кызмат көрсөтүүдөгү мыйзам бузууларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин аткаруу маселеси каралды.