Жаңылыктар
Кайра шайлоого катыша турган талапкерлер атайын эсепти «РСК банк» жана “Айыл банктан” ачат
Кыргызстан жаңылыктары
Кайра шайлоого катыша турган талапкерлер атайын эсепти «РСК банк» жана “Айыл банктан” ачат

№26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого катыша турган талапкерлер атайын эсепти «РСК банк» жана “Айыл банктан” ачат. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам ченемдерине ылайык, шайлоо фондун түзүүчү акчалар БШКнын уруксаты менен талапкер атайын эсепке которушу керектигин эскертет. 

Белгилей кетсек, Ленин округунан шайланган депутат Жаныбек Абиров кафелердин биринде күзөтчүнү сабаган» видеосу тарап, моралдык жоопкерчиликти моюнга алып, мандатын тапшырган. Буга байланыштуу шайлоо белгиленип, бирок анда алдыга озуп чыккан талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев добуш сатып алууга шектелип, Боршайком анын жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Ал өнөктүккө 18 млн сомдон ашык каражат кеткен. 10-сентябрда өтө турган кайра шайлоого 13 млн сомдун тегерегинде чыгымдалат.