Кызамыкка каршы эмдөө Улуттук календарга ылайык жүргүзүлүүдө. Профилактикалык эмдөө балага бир жашында жүргүзүлөт, ал эми ревакцинацияда 6 жашында өтөт.
Илдетке каршы вакцина өлкөнүн бардык эмдөө пунттарында бар. Бул үчүн ата-эне жашаган жеринде дарыгерге кайрылуусу керектингин Саламаттык сактоо министрлиги эскертет. Оорунун белгилери: дене таб 38-40 °C чейин көтөрүлөт, денеге исиркек чыгат, кургак жөтөл менен коштолот.