Жаңылыктар
2023-жылдын март айынан бери «Мекен-Картты» 18 адам алды
Кыргызстан жаңылыктары
2023-жылдын март айынан бери «Мекен-Картты» 18 адам алды

2023-жылдын март айынан бери «Мекен-Картты» 18 адам алды. Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрилигинин маалыматына караганда, арыздар онлайн тапшырылат, түшкөн арыздарды комиссия карап чыгат. 

Долбоор мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандарга, алардын балдарына жана неберелерине мекендеш статусун алууга жана өлкөдө калуу үчүн бардык артыкчылыктардан пайдаланууга мүмкүндүк берет, бирок шайлоодо добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Мекендеш статусун алган адам Кыргызстандын аймагынан визасыз чыгып-кире алат, транзит менен өтө алат. Бирок мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жумушка орношо албайт.