Жаңылыктар
"Айыл чарбасын каржылоо - 11" долбооруна 3 млрд 300 млн.сом бөлүнгөн
Кыргызстан жаңылыктары
"Айыл чарбасын каржылоо - 11" долбооруна 3 млрд 300 млн.сом бөлүнгөн

 Быйыл тармак комплекстүү каралып , "Айыл чарбасын каржылоо -11" жана "Агрокредит" багыттарынан 9 млрд. 810 млн. сом бөлүнүп, арзан насыялар 6 пайыздык үстөк менен таратылды. Агрокредиттин негизги максаты - азык -түлүк коопсуздугун камсыздоо. Тактап айтканда кластердик ыкма менен эң керектүү болгон социалдык азыктарды өндүрүү, сатуу, кайра иштетүү жаатында көмөк көрсөтүү. Ал эми "Айыл чарбасын каржылоо - 11" долбооруна 3 миллиард 300 миллион сом бөлүнгөн.