Президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 265 даана жаңы атайын техникаларды тапшырды. Алар жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого колдонулат.Мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
"Былтыр Транспорт министрлигине 32 даана жол-куруу техникалары тапшырылган. Быйыл атайын техникаларды алууга эле республикалык бюджеттен 5 миллиард сом каралган, башка долбоорлорго 6 млрд сом", - деди ал.
Садыр Жапаров иш-чаранын жүрүшүндө жолчуларды өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана ак ниет иштөөгө чакырды.
Белгилей кетсек, мындан бир ай мурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 даана жаңы атайын техникалар тапшырылган.