Жаңылыктар
УКМК: Улуттар аралык кастыкты козуткан жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Улуттар аралык кастыкты козуткан жаран кармалды

Улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан улуттар, аймактар жана конфессиялар аралык негиздеги сабырсыздык көрүнүштөрүнүн фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Интернет мейкиндигинде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында “Фуйсбук” социалдык тармагында чагымчыл аккаунтту аныкталды, ал өлкөнүн жарандарынын арасында кастыкты козуткан ар кандай тенденциялуу материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган. 

Бул аккаунт Бишкек шаарынын тургунуна тиешелуу экени аныкталды. Ал мурда да бир нече жолу улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, алар үчүн сот органдары тарабынан 5 суткага административдик камакка алынган, бирок көрүлгөн чараларга карабастан, өзүнүн мыйзамсыз иштерин уланткан. Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда айтылган жарандын мыйзамсыз аракеттерине соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, ага ылайык, анын басылмаларында улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле жарандардын улуту боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун белгилери бар экендиги такталды. 

Ушуга байланыштуу 12-июлда Кылмыш-жаза кодексинин “расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 14-июлда козголгон кылмыштын негизинде кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.