Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине баңгизатын мыйзамсыз колдонуп, сатып жүргөн жарандар тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 26 жаштагы тургуну Ош шаарынан кармалган. Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун дагы төрт тургуну кармалган.
Алардын үйлөрүн жана автоунааларын тинтүү учурунда 2 кг 869 гр өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Аталган заттарга карата соттук-химиялык экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар гашиш экендиги аныкталган.
Кармалган шектүүлөр Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.