Жаңылыктар
БШК: Шайлоого катышууга 5 талапкер арыз берди
Кыргызстан жаңылыктары
БШК: Шайлоого катышууга 5 талапкер арыз берди

Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети менен беш талапкерден арыз түштү.

Алар, 33 жаштагы активист Эртай Искаков, 29 жаштагы коомдук ишмер Аскар Алмаз улуу. 62 жаштагы "Партия Зеленых Кыргызстана" СП төрагасы Булекбаев Эркин Касымович, 40 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Ремнёв Роман Павлович, 65 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Бакир уулу Турсунбай. Белгилей кетсек, аталган талапкерлердин баары өзүн-өзү көрсөтүшкөн. 

Эске сала кетсек, 28-апрелде бул округда кайра шайлоо өтүп, бирок добуш сатып алуу фактыларына байланыштуу БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңы кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Ленин округунда шайлоочулардын тизмеси 120 миңден ашат.