Жаңылыктар
Жол курууну илгерилеткен заманбап техника алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Жол курууну илгерилеткен заманбап техника алынды

Өлкөнүн булуң-бурчундагы бардык жолдор жакшыртылат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы атайын техника тапшырып жатып билдирди. Мекеменин түзүмдөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган 265 даана атайын техника берилди. Алардын баары аймактарга, өзгөчө жол куруу иштери жүрүп жаткан тилкелерге жөнөтүлөт. Мамлекет башчысы Министрликтин материалдык-техникалык базасы дагы күчөтүлөрүн белгиледи.