Жаңылыктар
А. Жапаров арбитраждык процесстерде Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон эл аралык юридикалык компаниянын өкүлдөрүн кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
А. Жапаров арбитраждык процесстерде Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон эл аралык юридикалык компаниянын өкүлдөрүн кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров акыркы жылдарда арбитраждык процесстерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргогон Willkie Farr & Gallagher эл аралык юридикалык компаниясынын өнөктөшү Бертру Грегуар башында турган компаниянын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана министрликтин Соттук өкүлчүлүк борборунун (мындан ары – СӨБ) жетекчилиги катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, СӨБ командасы жана Willkie Farr & Gallagher юристтери 2021-2022-жылдары Кыргыз Республикасына каршы бир катар соттук териштирүүлөрдө, анын ичинде “MegaCom” уюлдук операторунун иши, “Sky mobile” компаниясынын доо арызы жана “Манас Банктын” айланасындагы талаш боюнча Франциянын юрисдикциясындагы арбитраждык чечимди жокко чыгаруу боюнча биргелешип оң натыйжаларга жетишилгени айтылды. 

Өз кезегенди Willkie Farr & Gallagher компаниясынын өнөктөшү Грегуар Бертру Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен биргеликте натыйжалуу консультациялык колдоону талап кылган бир катар башка иштердин жана маселелердин үстүндө иштеп жатканын билдирди. Ал эми МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров арбитраждык териштирүүлөрдү тынчтык жолу менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү каралышы керектигин жана өлкө кызыкчылыгынын коргоодо Юстиция министрлиги жооптуу иш алып бара турганын белгиледи. 

“Талаш-тартыштарды чечүү, биздин кызыкчылыктарыбызды жана укуктарыбызды коргоо, жалпы эле мамлекетибиздин кызыкчыгынын камсыздоодо арбитраждык процесстер негизги ролду ойнойт. Ошол себептүү Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын дасыккан жана кесипкөй команданын коргоого алышы биз үчүн абдан маанилүү”, – деди МинКаб Төрагасы.

Жолугушуунун соңунда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Willkie Farr & Gallagher эл аралык юридикалык компаниясынын өкүлдөрүн ак ниет эмгеги жана арбитраждык процесстерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.