Жаңылыктар
Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян расмий сапар менен келди
Саясат
Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян расмий сапар менен келди

Кыргызстанга Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян расмий сапар менен келди. Ал эртең Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин 15-юбилейлик жыйынына катышат. Бүгүн болсо Кэцян , Сооронбай Жээнбеков менен жолукту. 

Бийик даражалуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Жолугушуу аземи аэропорттун атайын делегацияга арналган залында өттү.

Андан соң «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында соода-экономикалык кызматташтыкты, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелерин, транспорт, өнөр-жай жана энергетика жаатындагы биргелешкен долбоорлор талкууланды. Куттуктоо сөзүндө Ли Кэцян Кытай тарап Кыргызстан менен кызматташууну жогору баалай турганын белгиледи.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Тяньцзин шаарындагы жолугушуу келечектеги кыргыз-кытай алакасын чыңдоо боюнча келишимдерде бирдиктүү пикирге келүүгө мүмкүндүк бергендигин белгиледи. Учурдагы кыргыз-кытай мамилелеринин абалы кызматташтыктын жогорку деңгээлинде экендигин кошумчалады

Тараптар бир катар документтерге кол коюшту. Келишимдердин катарында маанилүү болгон техникалык-экономикалык кызматташуунун алкагында кайтарымсыз грант берүү, орто жана чакан ишкерликти кызматташуу жана башка келишимдер бар. Кыргызстанга расмий сапары менен келген Ли Кэцян эртең Бишкекте Кыргызстан төрагалыгы астында өтүүчү мааракелик жыйынга катышмакчы.