Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Сауд Арабияга жөнөп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Сауд Арабияга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен “Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышуу үчүн Жидда шаарына жумушчу сапар менен жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;

Улукбек Марипов - Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси;

Данияр Амангельдиев - экономика жана коммерция министри;

Тойгонбай Абдыкаров - Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;

Каныбек Туманбаев – Президенттин иш башкаруучусу; 

Талгат Аширбеков – Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.