Жаңылыктар
ЖК: “Референдум дайындоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору кызуу талкууга түштү
Саясат
ЖК: “Референдум дайындоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору кызуу талкууга түштү

Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча “Референдум дайындоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Документке ылайык жалпы элдик добуш берүү күнү 2016-жылдын 11-декабрында өткөрүлөт. Бүгүн үчүнчү окууда каралган мыйзам долбоору кызуу талкууга түшүп, анда депутаттар парламенттик көпчүлүк коалицияны куроо маселесин талкуулаганга да үлгүрүштү.

Эреже боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда талкууланып жатканда редакциялык жактан гана сунуштар айтылып, аларды өзгөртсө болот. Бирок бүгүн баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча “Референдум дайындоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору кызуу талкууга түштү. Бул маселедеги карама- каршылыктардан улам буга чейин көпчүлүк коалиция да кулаган эле. Анда Ата мекен менен Өнүгүү-прогресс фракциясы өзгөртүүлөргө каршы чыккан. Алгач шайлоочулардын тизмеси боюнча маселе көтөрүлдү.


Андан ары эл өкүлдөрү Конституциядагы өзгөртүүлөр боюнча талкууга киришти. Оппозициялык маанайдагы депутаттар адаттагыдай эле процедура бузулган деген жүйөнү карманышууда. Талкуу жетиштүү жүргөн жок деген дооматтары бар.
 Бир нече жолу сөз алган ата мекенчилердин лидери өзүнүн пикирин айрым депутаттарга даректегендей айтып жатты.

Бул арада башында баш мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү колдоп жаткан айрым саясатчылар өздөрүнүн пикирлерин башка нукка бурууга жетишкен. Алардын бири Кыргызстан фракциясынын мурдагы лидери Канат Исаев.

Ал эми кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы демекчи, айрым депутаттар референдум мыйзамы талкууланып жатканда өздөрүнүн Жогорку Кеңештеги иштөө шарттары канааттандырбай жатканын айтып төрагага даттанышты.
 
Ал эми Конституциялык реформага келсек, айрым депутаттар баш мыйзамды өзгөртүүнү бир жыл мурун эле азыр ага каршы чыгып жаткандар демилгелеп жүрүшкөнүн эскертишти. Бардык талкуу, баш мыйзамды өзгөртүү процедуралары өз убагында жана мыйзамга ылайык жүргүзүлгөнүн төрага Чыныбай Турсунбеков белгилеп өттү.

Акырында мыйзам долбооруна добуш берүү ар бир маселени өз ордуна койгондой болду. Документке 90 депутат макул беришти, каршы 15 добуш. Мыйзамга ылайык жалпы элдик добуш берүү күнү 2016-жылдын 11-декабрында өткөрүлөт. Бул күнгө жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосу да белгиленген.