Жаңылыктар
Суусамыр өрөөнүнө ири инвестиция тартылууда
Кыргызстан жаңылыктары
 Суусамыр өрөөнүнө ири инвестиция тартылууда

 Чүй облусунун алыскы аймагы Суусамыр өрөөнүнө ири инвестиция тартылууда. Эми 5 гектар кайрак жерге иштетүүгө жана биологиялык тоют камдай турган ишкананын курулушуна толук жеткидей каражат жумшалат.

Быйылкы түшүм жыйналып бүтөөрү менен Суусамырда жагымдуу жагдай болду. Мурдатан бери айыл өкмөтү демилгелеп келген долбоорду каржылай турган инвесторлор табылды. Айыл чарба багытында иш жүргүзгөн чет элдик компания эми жергиликтүү эле кайрак жерди иштетип, анда өстүрүлгөн чөптүн түрүнөн, таза жана сапаттуу тоют камдай турган болду.
 
Ушул кезге чейин дотацияда турган Суусамыр айыл аймагында эч кандай өндүрүштүн жоктугунан, социалдык маселелер арбын. Андыктан инвестициянын келиши менен, жергиликтүүлөр көп нерседен үмүт артып турушат.
Суусамыр айыл аймагы Чүй облусунун Жайыл районунун карамагында. Быйыл бул аймакта буудай менен көп жылдык чөптөрдүн түшүмү жакшы болгону менен, аймактын өзүндө жашоо татаал.
 
Жалаң гана мал багуу менен алектенген Суусамырлыктар үчүн таза жана сапаттуу тоют чыгаруучу ишкана ачылып калса, бир топ эле пайда болгудай. Анын үстүнө инвесторлор эч кандай химиялык кошулмалары жок, органикалык продукцияларды чыгарууга убада кылууда.