Жаңылыктар
Мыктыбек Оролбай уулу АКШда беттешет
Спорт
Мыктыбек Оролбай уулу АКШда беттешет

Жакында Legacy Fighting Alliance league менен келишим түзгөн кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу АКШда беттешет.

Маалыматка ылайык, LFA 164 мелдешинде Мыктыбек Оролбай уулунун (9-1-1) атаандашы бразилиялык Глаусио Элизиарио (10-7) болот.

Турнир 4-августта болот

Ошондой эле, 18-августта Калифорниядагы LFA 165 турниринде дагы бир кыргызстандык Уран Сатыбалдиев беттеше турганы маалым болду.