Жаңылыктар
УКМК: Спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды

Спирт ичимдиктерин чыгаруучу жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы даректер боюнча, ошондой эле Ош базарындагы “Берекет универсал” соода түйүндөгү тинтүүнүн натыйжасында ар кандай көлөмдөгү 3 миң 350 литрди түзгөн 16 миң 900 бөтөлкө жасалма алкоголдук ичимдиктер табылды. 

Ошондой эле, 350 литр этил спирти, 2000ден ашык жасалма акциздик маркалар, этикеткалар, контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу машиналар, спиртти өндүрүү үчүн колдонулган атайын түзүлүштөр жана башка компоненттер табылган. 

Белгилеп кетсек, курамында спирт бар продукциялар санитардык-техникалык жана медициналык нормаларды сактабастан, колго жасоо ыкмасы менен өндүрүлгөн, бул керектөөчүлөрдүн ден соолугуна зыян келтирет, ошондой эле республиканын генофондуна коркунуч келтирет. Мындан тышкары, бул продукцияларды өндүрүү жана сатуу тиешелүү акциздик жана салыктык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу түрүндө экономикага олуттуу зыян келтирүүдө.