Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова UWW рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү
Спорт
Айсулуу Тыныбекова UWW рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова United Wrestling World күрөш уюмунун рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтинги 13-16-июлб аралыгында болуп өткөн рейтингдик мелдештен кийин жарыяланды. Анда Айсулуу Тыныбекова 62 кг ченде алтын медаль тагынган.

Бул жыйынтык Кыргызстанга 8 000 упай алып келди. Ал эми Айсулуу өзү 66075 топтоп, үчүнчүдөн 2-орунга көтөрүлдү. Бул салмакта 1-орунда АКШлык Кайла Миракл жайгашса, кытайлык Ксяоян Лю 3-катарды ээледи.

Андан тышкары, башкы кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы 76 кг салмак категориясында күчтүүлөрдүн арасында -7-орунду ээлеп келүүдө.