Жаңылыктар
САSA-1000: Каржылоо кечиктирилбесе, 2024-жылы пайдаланууга берилет
Кыргызстан жаңылыктары
САSA-1000: Каржылоо кечиктирилбесе, 2024-жылы пайдаланууга берилет

САSA-1000 эл аралык энергетикалык долбоору боюнча Кыргызстандын аймагындагы жумуштардын көбү аяктап калды. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ишканасынын Долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тобунун жетекчиси билдирди. Учурда Баткен облусунда чубалгыларды тартуу, монтаждоо жумуштары жүрүп жатат. Эгер убагында каржылоо болсо долбоор өз мөөнөтүндө 2024-жылы пайдаланууга берилет.