Жаңылыктар
ШКУ жыйынына катышууга делегациялар келишти
Саясат
ШКУ жыйынына катышууга делегациялар келишти

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 15-юбилейлик жыйынына катышуу үчүн делегациялар келип жатат.

Жергебизге Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, Афганистан Ислам Республикасынын вице-президенти Абдулла Абдулла, Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов жетектеген делегациялар келди. 

Аларды "Манас" аэропортунан вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жеңиш Разаков тосуп алды. 

Ошондой эле Бишкекке Индия,Пакистан, Иран Ислам Республикасы, Монголия сыяктуу ШКУ байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү да келди.