Жаңылыктар
Президент Кувейттин Мураскер ханзадасы шейх Мишаль Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Кувейттин Мураскер ханзадасы шейх Мишаль Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда, Жидда шаарында (Сауд Арабия Падышалыгы) Кувейт Мамлекетинин Мураскер ханзадасы шейх Мишаль Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах менен жолугушту.

Кыргыз-кувейт кызматташтыгынын өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Ал бүгүн Жидда шаарында Булуң менен Борбор Азия региондорунун ортосунда мамлекет башчылардын деңгээлинде өткөрүлүп жаткан Саммитти канааттануу менен белгилеп, Саммиттин жыйынтыгы араб өлкөлөрү менен Борбор Азиянын ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташуунун жаңы перспективаларын ачат, деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров Кувейт тарапка экономикалык жана финансылык көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кувейт Араб экономикалык өнүктүрүү Фондунун стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы ишмердүүлүгүн канааттануу менен белгиледи.

Президент үстүбүздөгү жылдын март айында Эль-Кувейт шаарында өткөн Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кезектеги үчүнчү жыйыны ийгиликтүү өткөнүн баса белгиледи.

Ошондой эле ал эки өлкө ортосундагы түз каттамдардын үзгүлтүксүздүгүн жана Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы товар жүгүртүүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу, тактап айтканда энергетика тармагы жана "Асман" шаарын, ошондой эле "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан"темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу тууралуу айтып берди.

Учурдан пайдаланып, Президент Садыр Жапаров Кувейттин Эмири Шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахты жана Мураскер ханзада шейх Мишаль Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахты Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Кувейттин Мураскер ханзадасы шейх Мишаль Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах Мамлекет башчысы менен жолугушууга кубанычта экенин билдирди.

Ал эки өлкө ортосундагы көптөгөн багыттар боюнча байланыштардын өнүгүүсүнүн оң динамикасын белгилеп, кыргыз-кувейт мамилелери кызматташуунун жаңы сапаттуу деңгээлине чыкканын канааттануу менен айтты. Кувейт тараптын максаттарынын бири - эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана бекемдөө болуп саналат.

Мураскер ханзада кыргыз-кувейт мамилелери ар тараптуу жана өз ара пайдалуу мамилелерди кеңейтүү үчүн зор потенциалга ээ экендигине ишенимин билдирди.