Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Медина шаарында Мухаммед пайгамбардын мечитине барды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Медина шаарында Мухаммед пайгамбардын мечитине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда, Сауд Арабия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мединадагы Масжид Ан-Набавиге (Мухаммед пайгамбардын мечити) барды.Мамлекет башчысы Масжид Ан-Набавиде намаз окугандан кийин, Садыр Жапаровго Мухаммед пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жерге кирүүгө жол ачышты.Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин бакубат жашоосун жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн тилеп, дуба кылды.

Аль-Масжид ан-Набави (Пайгамбардын Мечити)  - Сауд Арабиянын Медина шаарындагы эң чоң мечити жана Меккедеги Ыйык мечиттен кийинки эле исламдын экинчи ыйык жери. Дүйнөдөгү экинчи ири мечит жана Пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жери болуп саналат.