Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев аткаминерлерге эскертүү берди
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев аткаминерлерге эскертүү берди

Мамлекеттин бюджетин “жеген” аткаминерлерге карата катаал чаралар көрүлөт. Мындай эскертүүнү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин жыйынында берди. Буга кошумча, ведомстволордун жетекчилерин эс алуусуз иштеп, жыйынтык көрсөтүүсүн талап кылды. Айрымдарына дедлайн да койду. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев алгач улуттук коопсуздук, куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүү жана мобилизациялык даярдык жаатындагы жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди. Тармакка өзгөчө көңүл бурулуп, курал-жарактар, аскердик техникалар масштабдуу жаңыланууда. 2 жарым жыл аралыгында эле тармакка 120 миллиард сом бөлүнгөн.