Жаңылыктар
Мамлекеттик органдардын ишинин жыйынтыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик органдардын ишинин жыйынтыгы

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бир катар мамлекеттик органдардын ишин сынга алып, эң мыкты жана эң начарын атады. Анын ичинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин ишмердиги "канааттандырарлык эмес" деп бааланды. 

Айыл чарба министрлигине берилген питомниктерди куруу тапшырмасы дагы аткарыла элек. Тармакты өнүктүрүү үчүн быйыл өлкө казынасынан 13 млрд сомдон көп каражат каралган. Министр Аскарбек Жаныбеков ички азык-түлүк рыногунда жагымсыз жагдайлар болбой тургандыгына ишендиргени менен, быйыл 30 пайызга аз тоют камдалаарын айтты. Министрлер Кабинети болсо, 2026-жылга чейин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу толук камсыздалаарын убадалаган.