Жаңылыктар
Улуттук гвардиянын түзүлгөндүгүнө 31 жыл болду
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук гвардиянын түзүлгөндүгүнө 31 жыл болду

1992-жылдын 20-июлунда алгачкы 300 жоокер ант берип, милдетин аткарууга киришкен. Бүгүнкү күндө гвардиянын курамында атайын багыттагы бөлүктөр, ардак кароол менен коменданттык батальондор бар. Датага байланыштуу салтанаттуу иш-чара өттү.

Бул Ала-Тоо аянтына орнотулган мамлекеттик туунун үлгүсү. Тепчиктерден бери бирдей санда жана узундукта. Аны кайтаруу үчүн бою менен келбетине карап тандалган жоокерлер гана 6 ай бою машыгуудан өтөт. Бул аралыкта аралыкта кадамдоо, кыймылдарды бирдей жасаган балдар сыймыктуу милдет - мамлекеттик тууну кайтарууга тандалат.

Улуттук тарых музейдин күн батыш тарабында ардак кароолдун эс алуу бөлмөсү бар. Бөлмөгө чоочун киши кирүүгө тыюу салынган. Ичинде зарыл болгон эмеректер, телевизор, муздаткычтан бери бар дешти.