Жаңылыктар
Билим берүүдөгү баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ийгилиги
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүүдөгү баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ийгилиги

«Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети» республикалык кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты. Бүгүн аларды сыйлоо аземи болуп, байгелүү орун алгандарга белектер берилди.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан өткөрүлгөн кароо-сынакта, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын ишин чагылдыруу максатында социалдык тармактарга сынак жарыяланган. Жобонун шарты боюнча, катышуучулар кесиптик кошуундун социалдык тармактагы баракчаларына катталып, иш учурундагы сүрөттөрүн, аткарылган жумуштарын чагылдырышы керек болчу.