Жаңылыктар
Кыргыз--өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз--өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын жыйыны өттү

13-июлдан 20-июлга чейин Өзбекстандын Наманган шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алдыда боло турган демаркация маселелери талкууланып, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрү жүргүзүлдү. Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаралардын жыйынтыгында тийиштүү Протоколго кол коюлду.