Жаңылыктар
Ысык-Көлдүн жээгинде "Ак куу көлү" балети көрсөтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
 Ысык-Көлдүн жээгинде "Ак куу көлү" балети көрсөтүлөт

1-августтан 10-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Рух-Ордо" маданий борборунун сахнасында Чайковскийдин айтылуу "Ак куу көлү" балети көрсөтүлөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, керемет жаратылышы жана жарык шоусу менен коштолгон спектаклди Кыргызстандын театр сахнасынын флагманы - Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын чыгармачыл курамы аткарат. Башталышы: 19:00.