Жаңылыктар
АКШ кыргызстандык төрт компанияга санкция салды
Кыргызстан жаңылыктары
АКШ кыргызстандык төрт компанияга санкция салды

АКШнын Финансы министрлиги кыргызстандык төрт компанияга санкция салганын билдирди. Бул туурасында аталган ведомствонун рамий билдирүүсүндө айтылган. Буга себеп "Орусияга санкцияга кабылган товарларды" ташыган дешкен. Маалыматка ылайык, "РМ Дизайн энд Девелопмент" ЖЧКсы; "Прогресс Лидер" ЖЧКсы; "ГТМЕ Технологии" ЖАКы;  "Карголайн" ЖЧКсы кара тизмеге кирген. 

Мындан сырткары аталган тизмеге кыргызстандык фирмалардан санкцияланган товарларды алып турган орусиялык компаниялар да кирген. 19-июнда Washington Post Ак үй Кыргызстанды Россияга санкция салынган товарларды ташып кирүүсүн токтотуу үчүн экономикалык чараларды даярдап жатканын жазган.

Кечээ, Улуттук коопсуздук комитети Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстанга санкция салышы ыктымалдыгы тууралуу маалыматка комментарий берип, АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн Россияга киргизген санкциялык чектөөлөрүн бузууга кыргыз бийлигинин өзүнүн да, мамлекеттик түзүмдөрү менен компанияларынын да эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Аны менен катар эле жеке компаниялар менен фирмалардын өздөрүнүн ишкердик жана өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн алкагында продукциялардын акыркы керектөөчүсү же колдонуучусу ким экенин билбестен санкциялык чектөөлөрдү бузууга катышып калышы мүмкүн экендигин белгилеген.