Жаңылыктар
Этникалык кыргыздарды ЖОЖго кабыл алуу уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
 Этникалык кыргыздарды ЖОЖго кабыл алуу уланууда

2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алууга чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүнгөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, сынакка этникалык кыргыздар – Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистандын жарандары катыша алат. 

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин student.edu.gov.kg онлайн системасына катталып, "Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2023-2024-окуу жылында кабыл алуу" бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. 

Ошондой эле министрлик ушул жылдын 19-августу саат 23:59га чейин системада атайын бош калтырылган жерлерди толтуруу зарыл экендигин эскертти. Конкурстук программага катышуу боюнча суроолорго маалыматтар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин билим берүү министрлигине кайрылуу керек.