Жаңылыктар
Туркияда кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди узартуу талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Туркияда кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди узартуу талкууланды

Кыргызстан Түркияга кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди 90 күндөн 180 күнгө чейин узартууну сунуштады. Маселе Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлеринин жолугушуусунда талкууланды. Улан Ниязбеков менен Али Ерликаянын жолугушуусу 20-июлда Анкарада өттү. Кыргыз тарап Түркияга эмгектенүү үчүн келген Кыргызстандын жарандарынын, ошондой эле Түркияда узак мөөнөттүү болушунун коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. 

Түркиянын миграциялык саясатындагы учурдагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен кыргыз тарап ар кандай себептерден улам өлкөдө жүрүү эрежелерин бузган Кыргызстандын жарандарына тоскоолдуксуз (айыпсыз жана депортациясыз) өлкөдөн чыгып кетиши жана кийин мыйзамдаштырылышы үчүн миграциялык мунапыс берүүнү сунуштады. 

Ошондой эле Улан Ниязбеков түрк тарапка Кыргызстандын жарандары үчүн визасыз режимди 90 күндөн 180 күнгө чейин жогорулатуу, ошондой эле ички паспорттор аркылуу өз ара сапарларды жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. Өз кезегинде Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая Түркия бийлиги тарабынан өлкөдөгү миграциялык кырдаалды жакшыртуу жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берип, кыргыз тараптын сунуш-талаптарын деталдуу иликтеп чыгууга даяр экени айтылды