Жаңылыктар
Кыргызстандын жаранынын паспортторун мыйзамсыз даярдоонун каналы аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын жаранынын паспортторун мыйзамсыз даярдоонун каналы аныкталды

Кыргызстандын жаранынын паспортторун мыйзамсыз даярдоонун каналы аныкталды. Бул туурасында атайын кызмат кабарлады. Маалыматта айтылгандай, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды. 20-июлда кармалган жаран Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.