Жаңылыктар
Нарындын Куланак айылында сел жүрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындын Куланак айылында сел жүрдү

Нарын районундагы Куланак айылында 21-июлда кечинде катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Анын кесепетинен айылдагы 16 турак жайды суу каптап, төрт үйдүн ичине кыян суулар кирген. Куланактагы Кур-Жылга коктусунан түшкөн кыяндын суулары селден коргоочу каналга курулган көпүрөдөн ташып кеткен. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга жалпысынан ӨКМдин сегиз кызматкери, жергиликтүү тургундардан 20 киши, бир автожүктөгүч тартылды. 

Бүгүн, 22-июлда, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров Учкун айыл өкмөтүндө Жарандык коргонуу штабынын чогулушун өткөрүп, айыл өкмөт башчысына жана тиешелүү мекеме жетекчилерине өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча тапшырмаларды берди. Учурда абал туруктуу. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн 22-июлда аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Анда тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн экени эскертилди.