Жаңылыктар
Бүгүн Бишкекте ШКУнун юбилейлик саммити өтөт
Саясат
Бүгүн Бишкекте ШКУнун юбилейлик саммити өтөт

Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына карата өкмөт башчылардын деңгээлиндеги саммит өтөт.

Ага катышуу үчүн уюмга мүчө өлкөлөр - Кытай, Өзбекстан, Орусия, Казакстан жана Тажикстандан премьер-министрлер Бишкекке келишти. 

Андан тышкары, Беларусь, Ооганстан, Иран, Пакистан, Монголия жана Индиядан расмий өкүлдөр да катышат. Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы түзүлгөн.