Жаңылыктар
УКМК: Д. Кутманованын катышуусунда тергөө иш-чаралары жүргүзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Д. Кутманованын катышуусунда тергөө иш-чаралары жүргүзүлөт

"Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жаңы шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Мекеменин 22-июлда тараткан билдирүүсүндө айтылгандай, козголгон кылмыш ишинин алкагында Кутманованын кесиптештери, туугандары жана үй кызматчысы кармалып, уулуна издөө жарыяланды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки мезгилде жаратылышты жана экологияны коргоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын каражаттарынын эсебинен жыл сайын 3 млн 700 миң АКШ доллары бөлүнөт. 3 жылда каржылоонун жалпы суммасы 969 миллион 568 миң сомду түзгөн. Көрсөтүлгөн акчанын 789 миллион 568 миң сому жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга Фонд тарабынан берилген. Иликтөөнүн жүрүшүндө Фонддун ишмердүүлүгүндө бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, Жаратылыш ресурстары министрлиги жана «Ходжаев» ишканасынын ортосунда алдын ала макулдашуу боюнча тендерсиз түз келишим түзүлүп, жалпы суммасы 34 млн сомго 1000 комплект атайын кийимдерди алып келүү боюнча келишим түзүлгөн. Келишимдин мыйзамсыз түзүлүшүнө экс-министр колдоо көрсөтөн, ал эми “Хожаев” мекемеси экс-министрдин уулунун жакын досу.

Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын корутундусуна ылайык, өлкөнүн базарларындагы комбинезондун баасы 11 миллион сомдон ашпайт, 23 миллион сомдук айырманы Кутманованын үй-бүлөсү өздөштүргөн. Эксперттик комиссия экс-министр туунду уюмдардын кызыкчылыгын лоббирлөө жана кысым көрсөтүү менен өткөнү аныкталган. Каржыланган 110 долбоордун ичинен азыркы этапта 22 долбоор текшерилди, алардын көбү өз максатына туура келбейт, каржылоо мурда түзүлгөн макулдашуулар боюнча жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, Кумтманованын уулу долбоорлорду каржыланган сумманын 10%ын алган. Ошондой эле, экс-министрдин эжеси «Жашыл Мурас» коомдук фондунун долбоору боюнча 7 млн 560 миң сом алган. Динара Кутманованын эжеси бул боюнча кармалып, күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Дагы бир факт – «Э.К.» коомдук фондунун эсебине Чуй районундагы кичи ГЭСти курууга 23 миллион сом которулган. Ал эми бул ишкананын директору, чындыгында экс-министрдин үй кызматчысы болуп иштейт. Кылмыш иши козголгондон бери бир канча адам кармалып, айыпталууда. Алар, Жаратылыш ресурстары министринин мурдагы биринчи орун басары "С.К.Р.", дагы бирм урдагы орун басары "И.Б.М.", министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын директору, «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун директору , Кутманованын эжеси, коомдук фонддун директору делген үй кызматкери, мурдагы министрдин үй-бүлөсү менен жакын байланышы бар жеке ишкер кармалган. Бүгүнкү күндө Фонддун экологиялык долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү боюнча адиси менен экс-министрдин эжеси үй камагына чыгарылды. Учурда УКМК тарабынан дагы башка жана жогоруда көрсөтүлгөн фактыларга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жакынкы арада Динара Кутманованын катышуусунда тергөө иш-чараларын жүргүзүү пландалууда, - деп айтылат УКМКнын Басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.