Жаңылыктар
Кыргыз-Кытай өнүктүрүү фонду ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргыз-Кытай өнүктүрүү фонду ачылат

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кытайдын Жибек Жолу фондунун президенти Цай Сюэцзюнь башында турган делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Анда тараптар инвестициялык долбоорлорду каржылоо механизмдерин талкуулашты. Тагыраагы, министр 2022-жылга карата соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында эки тараптуу өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга жетишилгенин белгилеген. Өз кезегинде Цай Сюэцзюнь фонд Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга кызыкдар жана аларды каржылоонун натыйжалуу механизмдерин сыноо үчүн пилоттук долбоорлорду ишке киргизүүнү кароого даярдыгын билдирген. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз-Кытай өнүктүрүү фондун ишке киргизүү стратегиясын иштеп чыгуу үчүн кыргыз өкмөтүнүн каржы секторунун потенциалын биргелешип изилдөөнү макулдашкан.