Жаңылыктар
УТРК менен "ARB 24" кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
УТРК менен "ARB 24" кызматташат

Ушул күндөрү Азербайжанда өтүп жаткан Глобалдык медиафорумдун алкагында УТРК менен Азербайжандын "ARB 24" телеканалынын ортосунда кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду. Документке ARB24 директору Радик Исмаилов жана УТРКнын башкы директорунун орун басары Улан Сатиев кол коюшту. 

Максаты - “Ала-Тоо 24” телеканалы менен "ARB 24" ортосунда тажрыйба алмашууну өнүктүрүү, ошондой эле телевидение жана радио аркылуу эки өлкө ортосундагы маалыматтарды жайылтуу. 

Тараптар даярдалган социалдык долбоорлорду жана программаларды алмашуу жолу менен маданият жана билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоого салым кошот. Мындан сырткары, адистерди окутуу, стажировкаларды уюштуруу, ошондой эле техникалык колдоо каралган. 

"ARB 24" телеканалы Азербайжандын биринчи каналы катары жаңылыктарын чагылдырып баштаган. Ал 24 саат бою өлкөдөгү жана дүйнөдөгү жаңылыктарды, өзгөчө экономикалык кабарларды көрсөтөт.